Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстандан чыгып кеткен «Кумтөрдүн» жетекчилеринин кандай коркок-билиши бар?

12.05.2021 11:10
1248
Кыргызстандан чыгып кеткен «Кумтөрдүн» жетекчилеринин кандай коркок-билиши бар?


Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын жетекчилерин алтын кенинде буга чейин болгон кырсыктарга байланыштуу суракка чакырганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Бирок, аталган компаниянын жетекчилери Кыргызстандын аймагынан чыгып кетишкени белгилүү болду. 


Ал жетекчилер кайсыл кырсыктарга байланыштуу суракка чакырылышты эле? 2019-жылдын 1-декабрында Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар көчүп кетип, анда тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердун айдоочусу Жолдош Жунушев жер көчкүнүн алдында калып, каза болушкан. Ушул эле жылдын 15-февралында экскаватор айдаган Жеңиш Ибраимакунов экскаватору менен Петров көлүнө чөгүп кеткени да белгилүү. 


Ушул фактылар боюнча Жазык кодексинин 258-беренеси («Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу») боюнча кылмыш иши козголгон. Кандай гана ишкана болбосун, коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы үчүн анын жетекчилиги негизги жоопкерчиликти тартат. Ошондон улам ага күбө катары «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын каржы боюнча директору Саймон Тан, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын президенти Деон Баденхорст, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ташып келүүлөр тутумун башкаруу боюнча директору Арипин Буман суракка чакырылышкан экен. Бирок, алар ага чейин эле Кыргызстандын аймагынан чыгып кетишкен болуп чыкты. Кыргызстандын Тоо-металлургчулар профсоюзунун төрагасы Элдар Тажибаевдин айтымында «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын вице-президенттери, ортоңку звенодогу менеджерлердин көбү жана чет элдик жумушчулары Кыргызстандан чыгып кетишкен. 


Демек, алардын кандайдыр бир коркок-билиштери бар десек туура болобу? Эми алар кайра Кыргызстанга качан кайтып келишет? Кайтып келишсе, алардын баш коргоо чаралары кандай болот? Кандай болгон күндө да адам өлүмүнө алып келген кылмыш ишине суракка чакырылып жатышпайбы. Алар Кыргызстандан чыгып кетишсе эле жоопкерчиликтен сырткары калышабы же алардын кайтып келип, иш боюнча сурак берүүлөрүнө чаралар көрүлөбү? 


Алардын дүңүнөн жумуш орундарын таштап өлкөдөн чыгып кеткен кадамдары мыйзамдуубу? Алар сыртта жүргөндө алтын кенинде дагы кырсык катталып кетсе эмне болот? Ким жооп берет? Же акчалуулардын амалы түгөнбөйт боло береби?


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн