Короновирустун жайылышына каршы аракеттерди колдоо үчүн Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам берди жана бул жүк коңшу өлкөгө жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Гуманитардык жардам Кытай тараптан суроо-талабына ылайык (антисептикалык жана зыянсыздандыруучу, жеке коргоочу медициналык кражаттар) даярдалган. “Жалпысынан 7 тоннанын тегерегиндеги жүктү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Торугарт” көзөмөлдөө өткөрмө пунктуна чейин жеткирди”, - деп айтылат аталган маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн