Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:16
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандан медициналык маскаларды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган адам кармалды

13.03.2020 13:47
1024
Кыргызстандан медициналык маскаларды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган адам кармалды

Бүгүн 13-мартта “Чоң-Капка автожол” өткөрмө бекетинде мыйзамсыз жол менен медициналык товарларды алып бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 1987-жылы туулган И.К. аттуу жаран VOLVO -FM12 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен “Чоң-Капка автожол” өткөрмө бекетине келген. Текшерүү учурунда чек ара кызматкерлери кургатылган жемиштердин арасына катылган медициналык беткаптарды таап алган. Тийиштүү документтери жок 95 миң  600 медициналык беткап бар экени аныкталган. Алынып бараткан товардын жалпы суммасы 1 миллион  400 миң сомду түзгөн.

Өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык 3-марттан тарта өлкө аймагынан дары-дармектерди жана медициналык заттарды алып чыгууга убактылуу тыюу салынган болчу.

Тийиштүү документтер толтурулуп айдоочу жана жүк Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына териштирүгө өткөрүлүп берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн