Бугу 09, 2024
Убакыт: 18:06
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргызстандан пиязды экспорттоого тыюу салынган чектөө алынды

24.02.2023 15:02
232
Кыргызстандан пиязды экспорттоого тыюу салынган чектөө алынды

Айыл чарба министрлиги пиязды экспорттоого коюлган чектөөнү алып салуу боюнча токтом долбоорун ишеп чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.


Февраль айынын башында Кыргызстандын аймагынан пияздын бардык түрүн чек өлкөгө алып чыгууга тыюу салынган. Ага азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанидеги азык-түлүк продукцияларынын бааларын турукташтыруу жүйөсү себеп болгон.


Быйыл январь, февраль айларында пияздын баасы кескин көтөрүлгөн. Дыйкандар түшүмдүн аз болгонун жана дүң баада кымбат келип жатканын жүйө келтиришкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн