Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстандан Өзбекстанга 34 баш буканы мыйзамсыз алып өтмөкчү болгондор кармалды

Кыргызстандан Өзбекстанга 34 баш буканы мыйзамсыз алып өтмөкчү болгондор кармалды


Кыргызстандан Өзбекстанга 34 баш буканы мыйзамсыз алып кетүүнү көздөгөн топ кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.


30-июлда Аксы районунда чек арачылар 13 баш малды алып өтүүгө аракет кылган адамды колго түшүргөн. Ал ошол эле райондун Сөгөт айылынын 30 жаштагы тургуну экени аныкталды.


Ал эми бүгүн Ала-Бука районунун Ак-Там участкасында 21 буканы алып бара жаткан 33 жаштагы жаран кармалды.


Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган бодо малдын жалпы баасы 3 миллион 725 миң сомду түздү.


Даярдалган документтер милицияга өткөрүп берилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн