Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:02
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Кыргызстандан Өзбекстанга 34 баш жылкыны мыйзамсыз айдап бараткандар кармалды

16.09.2024 12:06
98
Кыргызстандан Өзбекстанга 34 баш жылкыны мыйзамсыз айдап бараткандар кармалды


Жалал-Абад жана Ош облустарында аткезчиик каналдарына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК Чек ара кызматы менен бирдикте мамлекеттик чек араны коргоо жана аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча биргелешкен ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Өзгөн районунун Көк-Таш тилкесинде 24 баш жылкыны Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүп бара жаткан учурунда Кыргызстандын жараны Б.Т.Ж. кармалды.

Такталгандай, кармалган Б.Т.Ж. Өзбекстандын жараны "Хабибилло" менен алдын ала макулдашып алып, Өзгөн шаарындагы мал базардан 24 баш жылкы сатып алып, андан 80 миң өлчөмүндө акча каражатын сый акы катары алган жана мамлекеттик чек ара тилкесинде инженердик курулуштар жок Өзгөн районунун Көк-Таш айылынын аймагында жылкыларды Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Ушул сыяктуу эле Аксы районунун Кара-Төбө айылында 10 жылкыны Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу Өзбекстанга айдап өтүүгө аракет кылган 1999-жылы туулган К.у.Б аттуу КР жараны кармалган.

КР мыйзамына ылайык, кармалган 34 баш жылкы мамлекетке конфискацияланууга тийиш. Жылкылар мамлекеттик чек араны коргоодо пайдалануу үчүн УКМКнын Чек ара кызматынын балансына өткөрүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн