Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 22:25
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандан жасалма паспорт алып, Сирияга кетүүгө аракет кылган өзбек жараны кармалды

Кыргызстандан жасалма паспорт алып, Сирияга кетүүгө аракет кылган өзбек жараны кармалды

 Кыргыз Республикасынын жаранынын жасалма паспортун алууга аракет кылган Өзбекстан Республикасынын жараны “Х.А.Х.” кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


 Маалым болгондой, УКМК органдары тарабынан ЭТУга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынын жараны Х.А.Х аныкталып кармалып, КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал “И.М.”» ЭТУнун эмиссарларынын жардамы менен КР жаранынын жасалма паспортун алып, САРдын согуштук зонасы чыгууга аракет кылган.


Аталган Өзбекстан Республикасынын жараны ЭТУ/ДЭУга тиешеси бар экендиги үчүн Өзбекстан Республикасынын аймагында издөөдө жүргөнү аныкталды.


Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн