Теке 02, 2024
Убакыт: 12:19
USD
86.10
87.00
EUR
92.20
93.20
RUB
0.960
1.010

Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу талкууланды

30.05.2024 09:07
154
Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу талкууланды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу маселесин талкуулаган жыйын болуп өттү.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Бүгүн биз алдыда аткарыла турган көп иштердин босогосунда турабыз – 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну баштап жатабыз, бул программанын алкагында алдыдагы 6 жылда биз кайсыл жакка кантип бара турганыбызды аныктайбыз”, - деп билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн акыркы 3 жылдагы негизги социалдык-экономикалык жетишкендиктери талкууланып, 2030-жылга чейинки негизги максаттар жана милдеттер белгиленди.

Отурумдун соңунда Акылбек Жапаров өлкөнүн бардык министрликтерине жана ведомстволоруна, ошондой эле президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө мамлекетти 2030-жылга чейинки өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча бир катар маанилүү тапшырмаларды берди.

“Урматтуу кесиптештер, максат жана милдеттер так, артыкчылыктар аныкталды, эми ишке киришиңиздерди суранам”, - деп сөзүн жыйынтыктады министрлер кабинетинин төрагасы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн