Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанды Матраимовдун жакын адамы башкарып жатабы?

14.12.2020 14:10
807
Кыргызстанды Матраимовдун жакын адамы башкарып жатабы?


“Азаттыктын” мурдагы журналисти Али Токтакунов кезектеги журналисттик иликтөөсүн жарыялады. Анда учурдагы президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен болгон байланышы иликтенген.


Бул берүүнү көргөн адам чынында эле Мамытов-Матраимов байланышы өтө бекем экенине ынанат. Анткени, Р.Матраимовдун бир тууган кайниси бажыдагы чуу чыгып, депутаттык комиссия иштеп жатканда Т.Мамытовдун жардамчысы болуп турган. Ошондой эле айтылуу 700 млн. долларды иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Т.Мамытовдун буга чейинки билдирүүлөрү андай ойго жетелейт. 


Жогорку Кеңештин кызматкерлерин маалыматын камтыган справочник бар. Анын 2019-жылдын башында жаңыланган вариантында Мамытов Талантбек Турдумаматовичтин кеңшчиси катары Сулайманов Тынчтык Сулайманович көрсөтүлгөн. Ачык маалыматтардан издеп Кыргызстанда бир гана мындай адам бар экенин таптык. Ал Райымбек Матраимвовдун аялы Тургунова Уулкан Сулайманованын бир тууган иниси болуп чыкты. Талант Мамытовдун ага чейинки жардамчысы бажыдагы майлуу кызматка орношкон”, - дейт А.Токтакунов.


Бул иликтөөгө анализ жасаган адам Кыргызстанды бүгүнкү күндө Райымбек Матраимовдун эң жакын адамдарынын бири Талант Мамытов башкарып жатканын түшүнөт.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Матраимов таза деген Мамытов,Ташиев кызматта отурушат.Ушулар курошпойт ,сообалашат.Я тебе ты мне деген принцип менен.