Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:01
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстандык 76 айдоочу Ирандан чыга албай турат

06.03.2020 14:47
821
Кыргызстандык 76 айдоочу Ирандан чыга албай турат

Кыргызстандык 76 айдоочу коронавирус күчөп жаткан Иран өлкөсүнүн аймагынан чыга албай турат. Бул тууралуу маалымат жыйында транспорт жана логистика комитетинин төрагасы Маткерим уулу Талантбек билдирди.


Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Ирандын ортосунда жүк ташуу менен алектенген 76 Кыргызстандын жараны Түркмөнстан 18-февралда чек арасын жапканда чыга албай Ирандын аймагында калып кеткен. Бул сандар дагы көбөйүүсү мүмкүн, анткени маалыматтар улам жаныланып, учурда тактоо иштери улантылып жатат.


Маткерим уулу Талантбектин айтымында, учурда айдоочуларда азык-түлүк жана акча каражатына болгон муктаждык жогору. Ал эми коронавируска байланыштуу Ирандагы чектөөлөрдөн кийин банк аркылуу да акча которуу мүмкүн болбой калган. Айдоочулардын айрымдары чек аралардагы пункттарда, айрымдары Ирандын ичиндеги пункттарда токтоп калышкан. Алар унааларын таштап да кете алышпайт. Ар бир жүк ташуучу унаада 70 миң доллардан тарта 150 миң долларга чейинки баадагы товарлар бар. Алар помидор, алма, кийим-кече, кездеме жана турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар. Учурда азык-түлүктөр, жер-жемиштер түшүрүлүп, бузулбай турган буюмдар гана калган.


«Учурда ал айдоочулар менен түз байланыш мүмкүн болбой жатат. WhatsApp тайпалар аркылуу гана байланышып жатабыз. Ирандын ичиндеги карантин, чектөөлөргө байланыштуу Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрү да алар менен түзмө-түз жолугуша албай жатат. Иран менен коңшулаш, чектеш өлкөлөр аркылуу коридор алып, жарандарыбызды чыгарып кетүү керек. Экономикалык жактан карай турган болсок, айдоочулар 18-февралдан тарта чыга албай калышты, жүктөрү бар. Бул жактагы ишкерлер — жүктүн ээлери да зыян тартып жатышат. Маселени Түркмөнстан, Азербайжан, Өзбекстан жана Казакстан аркылуу дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылып жатабыз», - деди Талантбек Маткерим уулу.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн