Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 22:14
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандык Элдияр Орозбаев шахмат боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болду

28.11.2022 16:20
826
Кыргызстандык Элдияр Орозбаев шахмат боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болду

Кыргызстандык Элдияр Орозбеков шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.


Билдирүүгө ылайык, 17-26-ноябрь күндөрү Филиппиндин Тагатай шаарында 20 жашка чейинки жаштар арасында шахмат боюнча Азия чемпионаты өттү.


Мелдешке Кыргызстандын атынан Элдияр Орозбаев катышып, бир алтын жана эки күмүш медаль тагынды. Ал 16 жашка чейинкилер арасында (U-16) шахматтын рапид түрү боюнча алтын медаль, ошондой эле 20 жашка чейинки уландар арасында күмүш медаль жана 16 жашка чейинкилер арасында шахматтын классикалык түрү боюнча күмүш медалдын ээси болду.


Турнирге жалпысынан 11 өлкөдөн: Кыргызстан, Иран, Индия, Индонезия, Филиппин, Малайзия, Вьетнам, Казакстан, Гуам, Монголия жана Япониядан командалар катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн