Бугу 02, 2024
Убакыт: 22:22
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова - улуттук жана дүйнөлүк спорттун жаңы жаркыраган жылдызы!

08.10.2021 12:07
1293
Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова - улуттук жана дүйнөлүк спорттун жаңы жаркыраган жылдызы!

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Осло шаарында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпионатта алтын байге жеңген Мээрим Жуманазарованы куттуктады.


"Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова - улуттук жана дүйнөлүк спорттун жаңы жаркыраган жылдызы! 


Өлкөнүн намысын коргогон спортчуларды жана кыз-келиндер курама командасынын машыктыруучуларын мелдеште татыктуу күрөш көргөзгөндүгү үчүн чын жүрөктөн куттуктайм!


Мээрим таланттуу, максаттуу спортчу, кыз -келиндер күрөшүнүн улуттук мектебинин татыктуу өкүлү деп ишенимдүү түрдө айта алам. Түн ичинде, күчтүү атаандашы менен болгон кармашта, ал темирдей бекем эркти, техниканы мыкты көрсөтүп, тапшырманы так аткарды! Биздин күчтүү кыздардын дагы бир бийиктикке татыктуу көтөрүлгөнү мени сыймыктандырды!",- деп жазылат Бакашованын куттуктоосунда.


Дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык команданын ийгиликтери улуттук спортту өнүктүрүү жана жаш муунду тарбиялоо үчүн өтө маанилүү экенин белгилегим келет.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн