Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:33
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кыргызстандык Москвада 6-кабаттан кулап кеткен. Операция Кыргызстанда жасалат

09.10.2023 12:05
216
Кыргызстандык Москвада 6-кабаттан кулап кеткен. Операция Кыргызстанда жасалат


Москвада 6-кабаттан кулап кеткен кыргызстандык аял дарылануу үчүн үйүнө жеткирилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө шилтеме берүү менен басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, кырсык 14-сентябрда болуп, аял оор жаракат менен Демихов атындагы клиникалык ооруканага жеткирилген. Азырынча кулап түшкөнү тууралуу эч нерсе айтыла элек.


«Мээримай Болотбек кызына биринчи кезектеги дарылануудан өтүп, шашылыш операциялар жасалды. Кийинки дарылануунун баасы болжол менен 400 миң рублди түзөт, бирок кыргызстандык аялдын милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жок жана эмгек келишими түзүлгөн эмес. Ал үйгө кайтуу маселеси чечилип жаткан маалда «Умай-Эне» кайрымдуулук борборуна жайгаштырылды», - деп билдиришти башкармалыктан.


Үч орун “Аэрономад” авиакомпаниясы тарабынан бекер берилип, жабырлануучуну Бишкек аэропортунан тез жардам бригадасы тосуп алды. Мээримай клиникалык тез жардам ооруканасында жайгашкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн