Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 07:24
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Кыргызстандык аскерлер Улуу Британиядагы машыгууга катышат

20.05.2021 13:12
1465
Кыргызстандык аскерлер Улуу Британиядагы машыгууга катышат

2021-жылдын 20-майында, Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Таалайбек Өмүралиев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гаррет мырза менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдирди.


Өз сөзүндө генерал-майор Т.Өмүралиев "Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу аскердик мамилелер туруктуу жана пландаштырылган, ошондой эле өнүгүүнүн жогорку динамикасына ээ" деп белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы аскерий чөйрөдөгү кызматташтыктын абалы жана келечеги, анын ичинде Улуу Британияда өтө турган Кембрий Патрулдук машыгууларга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн командасынын катышуусу, ошондой эле эки тараптуу кызматташтык планына ылайык коргонуу жаатында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.


Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле аскер кафедраларынын ортосундагы эки тараптуу байланыштардын активдешип жаткандыгын, ошондой эле Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы байланыштарды ийгиликтүү өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча биргелешкен аракеттерди белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн