Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстандык айдоочу мас абалда Тажикстандын аймагына өтүп кеткен

12.05.2022 16:04
996
Кыргызстандык айдоочу мас абалда Тажикстандын аймагына өтүп кеткен

Кыргыз жарандары мас абалда Toyota Estima унаасы менен Тажикстанга мыйзамсыз өтүп кетти. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.


Маалыматка ылайык, 11-майда саат 20:30 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кароол-Дөбө участкасында Карамык айылынын 8 жараны Toyota Estima үлгүсүндөгү унаа менен чек арадан мыйзамсыз өтүп, Тажикстандын аймагына кирип кетишкен. УКМКнын чек ара отрядынын кызматкерлери аларды Кыргызстандын аймагына кайтарып, тергөө үчүн Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө жеткиришкен.


Кыргыз Республикасынын Ош багыты боюнча жана Тажикстан Республикасынын Лахш багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жардамчыларынын жолугушуусу токтоосуз болуп өттү. Анын жүрүшүндө тараптар мындай көрүнүштөргө жол бербөө, ошондой эле окуяда пайда болгон маселелерди тез арада чечүү боюнча макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн