Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү (U-20, U-23) жаштар арасында өтө турган “BelneftekhimWomens Cup” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Мелдеш 16-19-февраль күндөрү Минск шаарында өтөт.
Курама команданын тизмеси:
1. Арууке Кадырбек кызы – 55 кг СЧ;
2. Бермет Нурдин Кызы – 57 кг СЧ;
3. Калмира Билимбекова – 59 кг СЧ;
4. Таңчолпон Кыбалбекова – 62 кг СЧ;
5. Жаркын Нуркан кызы – 62 кг СЧ;
6. Дильназ Сазанова – 65 кг СЧ;
7. Гульнур Таштанбекова – 68 кг СЧ;
8. Нурзат Нуртаева – 72 кг СЧ;
9. Кайыргүл Шаршенбаева – 76 кг СЧТ.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда машыктыруучулары Билимбек Капарбек уулу (U-17) жана Усеналы Рыскуловдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн