Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстандык балбандар Болгарияда өткөн эл аралык мелдеште 1 алтын, 6 коло медаль жеңди (тизме)

21.02.2022 08:36
808
Кыргызстандык балбандар Болгарияда өткөн эл аралык мелдеште 1 алтын, 6 коло медаль жеңди (тизме)

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Болгариядагы Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинде коло медаль жеңди.


Спорттук иш-чара 17-20-февралда Велико-Тырново шаарында өттү.


Махмудов 77 кг салмакта турнирдин тандоо турунан баштап катышты. Алгачкы атаандашы грузиялык Бека Мамукашвилини Махмудов 5:1 эсебинде утуп алган. Ал эми мелдештин 1/8 финалында болгариялык балбанды эки ирет көтөрүп чаап, мөөнөттөн мурда жеңишти камсыздады.


Чейрек финалда Махмудов сербиялык атаандашына мүмкүнчүлүк бербестен 7:0 эсебинде артта калтырганы менен жарым финалда 2:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.


Коло үчүн кармашта Акжол Махмудов венгриялык балбанды эки упай айырма менен жеңип кетти.


Буга чейин Балбай Дордоков Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болсо, Жоламан Шаршенбеков, Тынар Шаршенбеков, Үзүр Жузупбеков, Элдияр Сатаров, Жоламан Шаршенбеков жана Марлен Асикеев коло байгеге татыган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сыймык
Ото чон жетишкендик Алла колдосун