Бугу 01, 2024
Убакыт: 00:23
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Кыргызстандык боксчу Болгарияда өткөн эл аралык мелдеште алтын утту

12.02.2024 10:34
559
Кыргызстандык боксчу Болгарияда өткөн эл аралык мелдеште алтын утту


Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Анваржан Ходжиев "Странджа Кубогу-2024" эл аралык мелдешинин чемпиону аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Биринчилик Болгариянын София шаарында өткөн.

Спортчу 48 кг чейинки салмакта катышкан. Алгач 1/4 финалдык беттеште украиналык Денис Биленкону утса, жарым финалда Сахил Аллахвердовду жеңген.

Алтын медаль үчүн беттеште индиялык мушкер Шагольшем Барун Сингхдини жеңип, эл аралык мелдештин алтын медалына ээ болду.

Белгилей кетсек, курама команда эл аралык мелдешке машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн