Мунарбек Сейитбек уулу Өзбекстанда өткөн бокс боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.
Кыргызстандык мушкер 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Ал Пуэрто-Рико, Таиланд, Мексика, Тажикстандын спортчуларын 4 жолу катары менен жеңип, жарым финалга чыкты. Сейитбек уулу 12-майда өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешип, ага жеңилип калган. Бул салмак категориясынын жыйынтыктоочу протоколунда кыргызстандык спортчу 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болот.
Бул медаль Кыргызстан үчүн чоңдор арасындагы дүйнөлүк чемпионаттардын тарыхында биринчи болуп калат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн