Бугу 05, 2024
Убакыт: 06:58
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандык эки актриса Екатеринбургда өткөн эл аралык театр фестивалында мыкты болду

05.07.2023 12:12
1799
Кыргызстандык эки актриса Екатеринбургда өткөн эл аралык театр фестивалында мыкты болду


Кыргызстандык эки актриса Екатеринбургда өткөн эл аралык театр фестивалында мыкты болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Екатеринбургда заманбап драматургиянын «Коляда-Plays» эл аралык театр фестивалы аяктады.

Фестивалдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан эки таланттуу актрисалар мыкты деп табылды:

- Аялдын мыкты ролу - Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова, Николай Коляданын пьесасы боюнча "Экөө" (Старая зайчиха) спектакли, режиссеру У. Карыпбаев. Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры;

- Экинчи пландагы эң мыкты актриса - Марина Фальман, Николай Коляданын пьесасы боюнча "Баба Шанель" спектакли, режиссеру Вячеслав Виттих, Ч. Айтматов атындагы Орус улуттук драма театры.

Белгилей кетсек, фестиваль 20-30-июнь күндөрү Екатеринбургдагы сегиз театралдык аянтчада өткөн. Ага жалпысынан 70 арыз берилип, афишага Урал раматургдарынын пьесалары боюнча коюлган 30 спектакль киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн