Теке 15, 2025
Убакыт: 14:02
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.116
1.135

Кыргызстандык эки бүтүрүүчү дүйнөдөгү эң беделдүү университеттердин бирине өттү

15.07.2025 09:32
16
Кыргызстандык эки бүтүрүүчү дүйнөдөгү эң беделдүү университеттердин бирине өттү


Күн мурун Жогорку технологиялар паркы (ЖТП) дүйнөдөгү эң беделдүү университеттердин бири Массачусетс технологиялык институтуна (MIT) кабыл алынган эки кыргызстандык бүтүрүүчүгө стипендия ыйгарды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.


Иш-чарага экономика министринин орун басары Санжар Болотов ардактуу конок катары катышып, кадрлардын билимине болгон инвестициялар сөзсүз түрдө экономикалык жана технологиялык секириктерге алып келерин баса белгиледи.


"Мамлекет мындай балдарды колдоону улантат. Биз сиздер Кыргызстандын IT-коомчулугунун өнүгүшүнө чоң салым кошосуздар деп ишенебиз. Ал эми биз болсо технологиялар жана глобалдык карьера тууралуу кыялданган жаштар үчүн шарттарды түзүүнү улантабыз. Бир күнү өз компанияңыздар менен мекениңиздерге кайтып келериңиздерге чоң үмүт артабыз", — деди Болотов.


Стипендия алган бүтүрүүчүлөр — Элдар Искандеров жана Искен Кенжебаев, Эл аралык математика олимпиадасынын (IMO-2024) күмүш медалдын ээлери.


ЖТП тарабынан берилген стипендиялар — кыргызстандыктар үчүн чет өлкөдөгү ийгиликтүү жашоонун алгачкы кадамы жана ошол эле учурда мекен силерге ишенет жана силерди кайрадан өз идеяларыңар, компанияларыңар жана технологияларыңар менен күтүп жатат — деген белги.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн