Кыргызстандык Балбай Дордоков грек-рим күрөшү боюнча Болгарияда өтүп жаткан Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү аталды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 17-20-февралда Велико-Тырново шаарында өтүүдө.
Балбай Дордоков 55 кг салмактуулар арасында күчүн сынаган.
Эскерте кетсек, Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн