Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш провинциясында куткаруу иштеринин жүрүшүндө уранды астында калган жаранды куткарды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлик маалымдагандай, уранды астындагы жаран 6 күндөн кийин куткарылган.
ӨКМ кошумча маалымат берилерин билдирди.
Эскерте кетсек, 6-февраль таңга жуук очогу Түркиянын Кахраманмараш провинциясында болгон жер титирөөдөн бүгүнкү күнгө карата каза болгондордун саны 20 миңге жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн