Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстандык медиктер Германияда иштесе болот

03.06.2021 15:52
1514
Кыргызстандык медиктер Германияда иштесе болот

2-июнда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Саксония Анхальт федералдуу жеринин Виттенберг шаарынын кичи жана орто ишканалар уюмунун өкүлү Гюнтер Весслау менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Жолугушуу учурунда айыл чарба, медицина жана кайра иштетүү өнөр жай тармактарында кызматташтыкты түзүү маселелери талкууланды.


Гюнтер Весслау Кыргызстандан Германияга иштөө максатында медициналык кызматкерлерди чакырууга кызыкдар экенин белгиледи. Аталган маселелени ийгиликтүү ишке ашыруу максатында тараптар кылдаттык менен иштеп чыгууну макулдашты.

Андан тышкары, Германиядан сапаттуу уруктарды Кыргызстандын айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрүнө жеткирүүнү жөнгө салуу маселеси жана германиялык өнөктөштөр менен асыл тукум малды багуу жана көбөйтүү жаатында тажрыйба алмашуу талкууланды.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Нуриза
Саламатсызбы? мендагы Германияга барып иштесем дегем.