Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 16:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстандык мигранттар өлкөгө 1млрд 736 миллион доллар акча которгон

11.10.2021 10:18
962
Кыргызстандык мигранттар өлкөгө 1млрд 736 миллион доллар акча которгон

Үстүбүздөгү жылдын январынан августка чейин чет жактан Кыргызстанга 1 миллиард 736 миллион 840 миң доллар которулду. Бул туурасында Улуттук банк маалымдады.


Бул жеке тараптардын акча которуу системасы аркылуу жөнөткөн каражаты. Былтыр сегиз айда өлкөгө 1 миллиард 565 миллион 590 миң доллар которулган. 2020-жылдын башында өнөктөш өлкөлөр пандемиядан улам чектөөлөрдү киргизген учурда каражаттын келип түшүүсү азайганы ушуга да байланыштуу болгон. 


Бирок быйылкы жылдын июнь-июль айларындагы көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төмөндөгөн, ал эми августта 3 миллиондон ашуун долларга өскөн. Эгер бир нече жылдын сегиз айлык маалыматын карай турган болсок, азыркы цифра тарыхта экинчи орунда турат. Рекорддук көрсөткүч 2018-жылдын январь-августунда болуп, 1 миллиард 744 миллион долларды түзгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн