Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 21:59
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстандык мугалим эл аралык олимпиадада биринчи орунду ээледи

10.12.2021 11:50
888
Кыргызстандык мугалим эл аралык олимпиадада биринчи орунду ээледи

Алматы шаарында математика, физика жана информатика мугалимдеринин VIII эл аралык конкурсу өттү. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, бул олимпиадага 220дан ашуун математика мугалими, 70тен ашуун физика мугалими, 50дөн ашуун информатика мугалими катышты.


«Газпром Кыргызстан» мектебинин мугалими Медер Осмонов да аталган олимпиадага катышып, бардык маселелерди чечип, I орунду ээледи


Кыргызстандан олимпиадага математика боюнча калыстар тобунун мүчөсү катарында «Газпром Кыргызстан» мектебинин математика мугалими Мамат Ишматов да чакырылган. Ал бул олимпиадага 2019-жылы катышып, 108 катышуучунун арасынан математика боюнча I орунду багындырган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн