Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:31
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Кыргызстандык мушкер Олимпиада оюндарына жолдомо утту

03.06.2024 09:01
1753
Кыргызстандык мушкер Олимпиада оюндарына жолдомо утту


Кыргыстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

Таиландда өткөн лицензиялык мелдеште 57 кг салмакта күч сынашкан Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы атаандашы италиялык Мишел Балдассини судьялардын бир добуштан берген чечими менен жеңип алды.

Ал эми 1/8 финалга чыгуу үчүн беттеште мозамбиктик мушкер Армандо Сигауканы утту. Чейрек финалга чыгуу үчүн болгон мелдеште уругвайлык Лукас Гарсияны артта калтырды. Чейрек финалда Азербайжандын өкүлү Шамил Аскеровду утту.

Кыргыз мушкери жарым финалда украиналык Айдер Абдураимовго утулуп калды. Ал эми чечүүчү беттеште Мунарбек Сейитбек уулу Индиянын өкүлү Сачинди судьялардын бир добуштан берген чечими менен жеңип, Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Лицезиялык мелдеш Бангкок шаарында 23-майдан 2-июнга чейин болуп өттү. Анда эркектер арасында жалпы 28 лицензия ойнотулуп, Кыргызстандын атынан 6 мушкер күч сынашты.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргызстандык спортчулар Олимпиада оюндарына катышуу үчүн 13 жолдомо алышкан. Быйыл Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин Париж шаарында өтөт. Медаль үчүн спорттун 45 түрү боюнча 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчү күч сынашат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн