Бугу 04, 2024
Убакыт: 22:36
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандык мушкер кикбоксинг боюнча ШКУнун Кубогун жеңип алды

16.06.2023 14:17
1325
Кыргызстандык мушкер кикбоксинг боюнча ШКУнун Кубогун жеңип алды


Кыргызстандык Бейшебек уулу Жаныбек ШКУнун Кубогун 71 килограммга чейинки салмак арасында жеңип алды, деп билдирет sport-express.ru.


Маалым болгондой, турнир Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Индия, Орусия жана башка ШКУ өлкөлөрүнүн спортчулары катышты.


Финалда Бейшебек уулу Жаныбек тажикстандык Абумуслим Одинаевди жеңип алды.


Белгилей кетсек, Бейшебек уулу Жаныбек тай боксу боюнча дүйнө чемпиону, тай боксу боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, кикбоксинг боюнча Азия чемпиону.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн