Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 12:01
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Кыргызстандык мушкерлер бокс боюнча дүйнө кубогунун жарым финалына чыгышты

28.03.2024 13:37
978
Кыргызстандык мушкерлер бокс боюнча дүйнө кубогунун жарым финалына чыгышты


Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бекзат Эргешев, Рысбек Бектенов жана Султан Асанкул уулу Ф.К. Салмановдун жаркын элесине арналган “Мунай өндүрүүчү мамлекеттердин” ХХ дүйнө кубогу аталышындагы эл аралык турнирдин жарым финалына чыкты.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, эл аралык турнир Россиянын Нижневартовск шаарында 25-марттан 29-мартка чейин өтүүдө.

Бекзат Эргешев 51 кг чейинки салмак ченинде Александр Бушукин менен, 60 кг чейинки салмакта Рысбек Бектенов Никита Косман менен жана Султан Асанкул уулу 75 кг чейинки салмакта Ильяс Додоржанов менен финалга чыгуу үчүн күч сынашат.

Кыргызстандык спортчулардын атаандаштары бардыгы тең россиялык мушкерлер.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн