Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:51
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандык окуучу Казакстанда өткөн математика боюнча олимпиадада 1-орунду алды

26.06.2022 14:01
449
Кыргызстандык окуучу Казакстанда өткөн математика боюнча олимпиадада 1-орунду алды


Кыргызстандык окуучу Казакстанда өткөн математика боюнча олимпиадада 1-орунду алды. Бул туралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма соз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-14-июнунда Алматы шаарында Шалтай Смагулов атындагы Республикалык олимпиаданын жыйынтыктоочу этабы өттү.

Финалдык этапка катышуу үчүн Кыргызстандан 5 катышуучу чакырылган. Кыргызстандык команданын курамында:

1. Фёдор Корнияш, Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин 7-классынын окуучусу;

2. Мерида Даниярова, Бишкек шаарындагы Intellect School жалпы билим берүүчү жеке мектебинин 6-классынын окуучусу;

3. Амантур Токтоназаров, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясынын 6-классынын окуучусу;

4. Саян Сарыкбаев, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясынын 6-классынын окуучусу;

5. Бектур Айдаров, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясынын 6-классынын окуучусу;

"Окуучуларды олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдады. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Фёдор Корнияш биринчи орунга ээ болду", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн