Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:12
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 17 медаль утту

15.01.2024 09:28
178
Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 17 медаль утту


Кыргызстандык окуучулар математика, физика жана информатика боюнча XX эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасынан 17 медаль утту. Анын ичинен күмүш - 4, коло - 13. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, олимпиада 8-январдан 13-январга чейин Алматы шаарында өтүп, ага 16 өлкөдөн 700дөн ашуун окуучу катышты.

Эл аралык олимпиадага Кыргызстандын атынан алты команда катышып, үч окуучу жекече катышты.

Математика предмети боюнча медаль алган окуучулар:

  1. Киргизбаев Назар, Е.Б Якир атындагы №61-автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси,10-класс – күмүш медаль;
  2. Асанкадыров Айдин, Е.Б Якир атындагы №61-автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси,10-класс – күмүш медаль;
  3. Эшперов Нурсултан, “Газпром Кыргызстан” мектеби, 10-класс – коло медаль.

Тренерлери - Ишматов Мамат, Мамбетов Тимур.

Физика предмети боюнча медаль алган окуучулар:

  1. Турдукеев Атай, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль;
  2. Бектур Баратали, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль;

Тренери – Дүйшөн Сатыбалдиев.

  1. Аскар Абдиев, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, 10-класс – коло медаль;
  2. Анаралы уулу Эмир, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, 11-класс –коло медаль.

Тренерлери – Сабыров Чынтемир, Ажибаев Улукбек.

  1. Эмильбеков Айтегин, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 9-класс – коло медаль.

Тренери – Алмурза уулу Алтынбек.

Информатика предмети боюнча медаль алган окуучулар:

  1. Лебиев Абдулазиз, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – күмүш медаль;
  2. Айдарбеков Алихан, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – күмүш медаль;
  3. Исхак Тажибаев, “Кут-Билим” окуу-тарбия комплекси, 10-класс – коло медаль;
  4. Садирбеков Санжар, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;
  5. Абдирасулов Абдуллахан, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 8-класс – коло медаль;
  6. Алманов Кутбол, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;
  7. Джамалов Тенгиз, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;
  8. Майрамбеков Байторо, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль.

Тренерлери – Урайымов Кылычбек, Талант Арстанов, Манас Саматов, Мирбек Бакиров, Айдар Мундузбаев, Тенгиз Беккоенов.

  1. Талыпов Эмиль, “Газпром Кыргызстан” мектеби, 11-класс – коло медаль.

Тренери – Осмонов Медербек.

Эл аралык Жаутыков олимпиадасы — мектеп окуучуларынын командалык мелдеши. Ар бир команда 3 математик, 2 физик, 2 информатик жана 2 менеджерден турат. Катышуучулар азыраак болгон командаларга же бир өлкөнүн ар кайсы мектептеринен келген командаларга катышууга уруксат берилет. Бул жылы окуучулар жекече катыша алышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн