Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 22:13
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада коло медаль утту

10.12.2021 09:28
499
Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада коло медаль утту

Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрынан 9-декабрына чейин Азербайжандын Баку шаарында «Таланттарды даярдоо лабораториясы» аталышындагы IV Математика, физика жана химия боюнча эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасы болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Олимпиаданын жыйынтыгында Бишкектеги № 61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин окуучусу Фёдор Корнияш математика боюнча 40 баллдын ичинен 38 балл топтоп, коло медалды жеңип алды. Олимпиадага аны математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган. 


Команданын курамында төмөнкү окуучулар болгон:

1. Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы Т. Жумабаев атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Аймончок Абдигапарова;

2. Бишкек шаарынын № 61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин 7-классынын окуучусу Фёдор Корнияш;

3. Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 9-классынын окуучусу Бектур Баратали. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн