Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:24
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча Балкан олимпиадасында беш медаль жеңди

30.11.2023 16:40
249
Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча Балкан олимпиадасында беш медаль жеңди


Кыргызстандык төрт окуучу информатика боюнча өспүрүмдөр арасындагы XVI Балкан олимпиадасында (JBOI 2023) эки күмүш, эки коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Олимпиада 25-28-ноябрда Түндүк Македониянын Струмица шаарында өтүп, кыргызстандык окуучулар ага онлайн видео көзөмөл форматында катышты.

Жеңүүчүлөр:

1. Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу - күмүш медаль;

2. Ян Бобрус, Бишкек Газпром мектебинин 8-классынын окуучусу - күмүш медаль;

3. Абдулазиз Лебиев, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу - коло медаль;

4. Айпери Акжолтоева, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль.

Ошондой эле 2023-жылдын 29-октябрынан 3-ноябрына чейин Словениянын Марибор шаарында өткөн информатика боюнча XXX Балкан олимпиадасында кыргызстандык окуучу Исхак Тажибаев коло медаль тагынды. Исхак Тажибаев Чүй облусундагы “Кут Билим” окуу-тарбия комплексинде 10-класста окуйт.

Информатика боюнча XXX Балкан олимпиадасына Кыргызстандан үч окуучу катышты. Команда жетекчиси – Кылычбек Урайымов, команда жетекчисинин жардамчысы – Медер Осмонов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн