Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 12:19
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандык шахматчы А.Самагановага “FIDEнин мастер айымы” наамы ыйгарылды

14.08.2020 17:12
943
Кыргызстандык шахматчы А.Самагановага “FIDEнин мастер айымы” наамы ыйгарылды


Кыргызстандын алдынкы шахматчыларынын бири Александра Самагановага “FIDEнин мастер айымы” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу КРдин шахмат федерациясынын президентти Талант Мамытов билдирди.




Ошондой эле шахмат боюнча Кыргызстан курамасы FIDEнин онлайн олимпиадасына катышат.


Улуттук курам Бүткүл дүйнөлүк онлайн шахмат олимпиадасынын экинчи дивизиону Pool A мелдешинде күч сынашат. Ал жакта Кыргызстандын улуттук командасы Филиппин, Индонезия, Германия, Беларусь, Бельгия, Австралия, Болгария, Бангладеш жана Түркмөнстан командалары менен күч сынашат.


14-августта Филиппин, Австралия жана Индонезия командалары менен оюн өткөрөт. Шахмат боюнча олимпиада дүйнөлүк Chess.com. онлайн платформасында өтөт. Мелдеште FIDEнин тизмегине кирген 160тан ашуун өлкөнүн спортчулары катышат.


Онлайн олимпиада бир нече баскычтан турат. Төртүнчү тандоо туру 26-июлдан 16-августка чейин белгиленген. Мелдештин финалдык бөлүгү авгсттун 19нан 30на чейин тандоо турунунан өткөн командалардын катышуусунда орун алат. Буга чейин федерация бир дагы жолу онлайн мелдеш өткөргөн эмес.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн