Чын курандын 21, 2025
Убакыт: 23:23
USD
86.80
87.30
EUR
99.70
100.70
RUB
1.055
1.095

Кыргызстандык спортчу Малайзияда өткөн веложарышта экинчи орунду ээледи

26.10.2024 10:19
1784
Кыргызстандык спортчу Малайзияда өткөн веложарышта экинчи орунду ээледи


Кыргызстандык спортчу Влад Подофедов Малайзияда өткөн веложарышта экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу спортчу өзүнүн социалдык баракчасында билдирди.

Спортчу Peninsular Divide веложарышында, Малайзиянын түштүк чекитинен түндүккө чейинки материктик 1500 чакырым аралыкка жарышта экинчи орунду ээледи.

Ал аралыкты басып өтүү үчүн 99 саат 14 мүнөт же 4 күн, 3 саат, 14 мүнөт талап кылынган. Ал суткасына орто эсеп менен 364 километр жол журду.

Белгилей кетсек, марафондун жеңүүчүсү 94 саат 16 мүнөттүк жыйынтык менен Индонезиянын спортчусу болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн