Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 16:53
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандык спортчулар 2024-жылы өтө турган Олимпиадага катышат

01.08.2023 15:03
786
Кыргызстандык спортчулар 2024-жылы өтө турган Олимпиадага катышат


Кыргызстан 2024-жылы Франциянын борбору Париж шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк Жайкы Олимп оюндарына катышууга даярданып жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата 2023-жылдын календардык планы иштелип чыгып, ага бардык рейтингдик турнирлер жана окуу-машыгуу жыйындары кирип, бекитилген.

Кыргызстандык спортчулар (бокс, дзюдо, оор атлетика ж.б.) күрөштүн ар кандай түрлөрү боюнча чет элдик спортчулар менен биргеликте окуу-машыгуу даярдыктарын үзгүлтүксүз өткөрүп жатышат.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан тарыхта биринчи жолу 2024-жылы Парижде өтө турган Олимп оюндарына күрөш боюнча тандап алуу турнирин өткөрөт. Мелдештер 2024-жылдын 19-21-апрелинде өтөрү такталды. Бул күндөрү балбандар 4 жылда бир өтүүчү ири спорттук иш-чарага катышуу мүмкүнчүлүгүн Бишкек шаарында талашышат.

Белгилей кетсек, буга чейинки дүйнөлүк жана эл аралык деңгээлдеги спорттук иш-чаралардын бардыгы, өзгөчө күрөш тармагы Кыргызстанда жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүктөн, Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюму Олимп оюндарына лицензиялык мелдешти өткөрүүнү Кыргызстанга тапшырган.

Бүгүнкү күндө оюндарга даярдык көрүү жана катышуу боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, иш алып барууда.

Маалым болгондой, Бүткүл дүйнөлүк Жайкы Олимпиада оюндары 2024-жылы 26-июлдан 11-августка чейинки аралыкта Франциянын борбору Париж шаарында өтөт.

Бүгүнкү күнгө карата парадзюдочу Хусан кызы Хайитхон Олимп оюндарына лицензия алды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн