Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Будапештте өтүп жаткан суу спорту боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты.
Федерациядан билдиришкендей, Петрашов 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүүдө жигердүү жыйынтык көрсөтүп, өлкөнүн рекордун жана Кыргызстандын курама командаларынын дүйнөлүк чемпионаттарга катышуу тарыхында эң жогорку көрсөткүчкө жетишти.
Спортчу мындай масштабдуу мелдештерде ийгилик маанилүү роль ойноорун белгилеп, күйөрмандардын колдоосуна ыраазычылыгын билдирди..
«Ар бир старт олуттуу сыноо, ал эми Денис эң сонун жыйынтык көрсөттү!», - деди Суу спорту федерациясынын президенти Уланбек Акматбаев
«Азыр биздин үмүтүбүз эртеңки 200 метрге брасс ыкмасында сүзүүгө багытталган, анда Денис өзүнүн максималдуу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүнү пландаштырууда. Келгиле, Дениске колдоо көрсөтөлү», - деп кошумчалады федерациянын президенти.
«Кыргызстандык сууда сүзүүчү биринчи жолу ушундай жогорку натыйжаларды көрсөтүп жатат, бул бизди абдан кубандырат! Биринчиден, бул биздин федерациянын бардык мүчөлөрүнүн, бассейндин, каржылоонун жоктугунан оор шартта иштеген машыктыруучулардын, спортубузду өнүктүрүүгө бекер жардам берип жаткан ыктыярчылардын жана ышкыбоздордун, тынымсыз каражат жана көңүл бурган ата-энелердин келечектеги чемпиондорго болгон ишеничинин натыйжасы жана жалпы эмгеги. Сиздердин салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдиргим келет! Силер болбосоңор, биздин спорт азыркыдай болбойт эле», - деп жыйынтыктады Акматбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн