Бирдин айы 03, 2025
Убакыт: 18:06
USD
87.30
87.80
EUR
89.30
90.30
RUB
0.870
0.910

Кыргызстандык теннисчи Оманда өткөн турнирде алтын медаль тагынды

03.02.2025 13:22
15
Кыргызстандык теннисчи Оманда өткөн турнирде алтын медаль тагынды


Кыргызстандык теннисчи Оманда өткөн Эл аралык турнирде алтын медаль тагынды.


Мэриядан билдиришкендей, Саара Мызаева 2025-жылдын 13-23-январь күндөрү Омандын Маскат шаарында өткөн 14 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар арасында Азия теннис федерациясынын Эл аралык турниринде эң жогорку жеңишке жетишти.


Белгиленгендей, мелдешке Бахрейн, Ирак, Иордания, Кувейт, Ливан, Оман, Катар, Сауд Аравиясы, Сирия, Тажикстан, БАЭ жана Йемен сыяктуу 13 өлкөдөн келген 32 спортчу катышып, Кыргызстандан үч жаш теннисчи барган.


Саара Мызаева өзгөчө оюн чеберчилигин жана корттогу ишенимдүүлүгүн көрсөтүп, 14 жашка чейинки кыздар арасында жеке эсепте алтын медалды жеңип алды. Бирок, Саара муну менен эле токтоп калбай, өзүнүн өнөктөшү менен биргеликте жуптук мелдеште да жеңишке жетишип, турнирдин абсолюттук чемпиону болду. Бул триумф кыргыз тенниси үчүн чыныгы жетишкендик жана өлкөдөгү бардык жаш спортчулар үчүн үлгү болду.


"Маскаттагы мелдеш Азияда теннисти жайылтуу үчүн маанилүү аянтча болуп, катышуучуларга эл аралык рейтингдик упай топтоо мүмкүнчүлүгүн берди. Мындан сырткары, бул турнир ITF Азия чемпионатына тандоо этабы болгондуктан дагы да маанилүү деп эсептелди",-деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн