2020-жылдын 30-ноябрына карата Кыргызстандын ички жана тышкы карыздын мамлекеттик көлөмү 4 млрд 887,46 млн АКШ долларын түздү. Улуттук валюта менен алганда 414 млрд 448,46 млн сом болот. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, 86,3 % мамлекеттик тышкы карыз - 4 млрд 218,38 млн АКШ доллары (357 млрд 711,54 млн сом). Ал эми 13,7 % мамлекеттик ички карыз - 669,08 млн АКШ доллары (56 млрд 736,92 млн сом).
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн