Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 05:07
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргызстандык жаран Санкт-Петербургда көп кабаттуу үйдүн чатырынан кулап түшкөн

18.02.2021 08:54
715
Кыргызстандык жаран Санкт-Петербургда  көп кабаттуу үйдүн чатырынан кулап түшкөн

Кыргызстандык мигрант Санкт-Петербургдун борборундагы үйдүн чатырынан кулап түштү. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.


Окуя Заячий тилкесинде болгондугу аныкталды.


21 жаштагы кыргызстандык коммуналдык кызматта иштеп, үйдүн чатырын кардан тазалаган. Белине байлаган жип жыгылган кезде чыгып кеткен. Ал катуу жаракат алган. Анын жамбаш сөөктөрүнүн жана бел омурткасы жабык сынганы, ичтин жабык травмасы, краниоцеребралдык травма жана баш мээси чайкалып ооруканага жеткирилген.


Абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн