Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:20
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кыргызстандык жарандарды Японияга ишке орноштуруу маселеси талкууланды

13.03.2024 09:29
103
Кыргызстандык жарандарды Японияга ишке орноштуруу маселеси талкууланды


Күн мурун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотованын япониялык Meitetsu Group компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын жарандарын Японияда окутуу жана ишке орноштуруу жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

Аталган компания 130 жыл мурун түптөлүп, учурда темир жол, деңиз жана автоташуулар, курулуш жана кыймылсыз мүлк, товарларды бөлүштүрүү жана маалыматтык технологиялар жаатында иш алып барат.

Бул компания Айчи жана Гифу префектураларынын темир жолдорун тейлейт жана 10дон ашык мейманканалар, соода жана маданий оюн-зоок борборлору бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн