Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын алкагында кыргыз балбаны Раззак Бейшекеев грек-рим күрөшү боюнча 67 салмакта коло медаль утту.
Ал алгачкы беттешинде жапон атаандашына утулуп калган. Ошентсе да атаандашы финалга чыккандыктан жубатуучу беттеш, андан ары коло үчүн болгон беттеште ирандык Реза Ахли Аббасини 9:0 эсебинде утту.
Буга чейин, 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков, 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов алтын медаль уткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн