Кыргызстандык Аина Маратова цирк өнөрү боюнча балдар арасындагы эл аралык фестивалда алтын медаль жеңип алды. Бул тууралуу өзбек басылмалары билдирди.
Маалыматка ылайык, «Жибек-Жолу» аталышындагы балдар сынагы 15-17 апрелде Ташкент шаарында өтүп, ага 8 жаштан 16 жашка чейинки балдар-кыздар катышкан.
Бул фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай жана Казакстандан барган катышуучулар өнөрүн циркте көргөзсө, Россия менен Украина пандемиядан улам онлайн тартуулашкан.
Кыргызстандык жаш гимнаст кызды Аида Акматова жетектеп барып, ал буту менен жаа аткан. Сынактын аягында Аина Маратова алтын медаль тагынса, дагы бир алтын өзбекстандык кызга буйруган.
Пикирлер (1)