Кыргызстандык жөө күлүк Оболбек Осмонбеков жакынкы аралыкта Бишкектен Казакстандын борбору Нур-Султанга чуркайт. Бул тууралуу Осмонбеков Sputnik агенттигине билдирген.
Осмонбековдун айтымында, ал Нур-Султанга кыргыз-казак элдеринин достугун жана спортту даңазалоо максатында чуркамакчы.
"Нур-Султанга Бишкектен орозо аяктаганда, болжол менен май айынын акырында жолго чыгабыз. Азырынча даярдыктар көрүлүүдө. Нур-Султанга чейин эч кандай ашуу жок, жол түз. Болжолдуу эсептөөбүз боюнча, 1 200 чакырым аралыкты түзөт. Коштоп жүрчү унааларга эки элдин достугун жана спортту даңазалаган ураандар жазылат", — деди жөө күлүк.
Эске салсак, Осмонбеков буга чейин Нарында Бишкекке, Бишкектен Ошко чейин чуркаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн