Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстандык жөө күлүк Олимпиада оюндарына катышуудан баш тартты

15.07.2021 10:18
887
Кыргызстандык жөө күлүк Олимпиада оюндарына катышуудан баш тартты
Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Юлия Андреева Токиодогу Олимпиада оюндарына катышуудан баш тартты. Бул тууралуу спорт федерациясынан билдиришти.

Спортчу 2019-жылдын 8-сентябрында Нур-Султан шаарында өткөн марафондо 2 саат 28 мүнөт 42 секунд эсебинде жеңишке жетип, рекорд койду. Бул жыйынтык ага олимпиадалык стандартты аткарууга жана Токиодогу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алууга мүмкүнчүлүк берди.

«Жеңил атлетика федерациясынын президенти менен сүйлөшүүлөрдөн кийин ал Олимпиадага катышуудан баш тартканын жарыялады. Андан кийин ал өзүнүн чечимин курама команданын башкы машыктыруучусуна тастыктады», - деп билдиришти федерациядан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн