Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабиянын Мекке шаарындагы Дувар Кудей районундагы мейманканаларга жайгаштырылганын билдирди. Ажылыкты уюштуруу штабынын башчысы Абибилла Кадырбердиев аларды Аль-Харам мечитине автобус менен ташууну уюштуруу тууралуу тиешелүү жергиликтүү жетекчилер менен сүйлөшкөнүн кабарлады.
Кыргызстандык зыяратчылардын пандемиядан берки алгачкы ажылык сапары 16-июнда башталган. Ажылык сапарга барчуларды каттоо 11-майда жыйынтыкталып, бардык квота берилип бүткөн.
Быйыл Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы ажылык зыяратты убактылуу токтоткондон бери кыргызстандыктар ага бара элек болчу. Ал жылы Кыргызстанга 6110 квота бөлүнгөн, сапардын баасы 3350 доллар эле. Быйыл ажылык сапардын акысы 4500 доллар деп бекитилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн