Кыргызстандыктар келерки жуманын ортосунда эс алышат.
Шаршембиде, 10-апрелде өлкөдө Орозо айт белгиленет, бул күн эс алуу күнү болот.
Ислам календары күн календары менен дал келбегендиктен Орозо айттын датасы жыл сайын алмашып турат. 29 же 30 күндүк орозодон кийин үй-бүлөлөр чогулуп, атайын майрамдык дасторконго чогулуп, муктаж болгондорго акча берип, ар кандай күнөө, кемчиликтерди кечирип, дуба кылышат.
Айт намазы Бишкектеги Эски аянтта жана аймактарда дагы окулат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн