Бугу 23, 2025
Убакыт: 04:38
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.095
1.125

Кыргызстандыктар 20-августтан тарта Мальдивге визасыз уча алат

19.08.2023 13:36
413
Кыргызстандыктар 20-августтан тарта Мальдивге визасыз уча алат


Кыргызстандыктар эртең, 20-августтан тарта Мальдивге визасыз уча алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Мальдив өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу 2023-жылдын 20-августунда күчүнө кирет.

Макулдашууга ылайык Кыргызстандын жана Мальдив Республикасынын – паспортторунун бардык типтеринин ээлери (жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттору) 30 күнгө чейин эки өлкөнүн аймактарына кирүүдө, андан чыгууда жана убактылуу жашап турууда визалык талаптардан бошотулат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн