Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 09:04
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандыктар Башкы прокуратуранын сайты аркылуу милициянын үстүнөн арызданса болот

17.04.2024 16:28
222
Кыргызстандыктар Башкы прокуратуранын сайты аркылуу милициянын үстүнөн арызданса болот


Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракетине же аракетсиздигине даттанууларды Башкы прокуратуранын сайтына калтырсаңыз болот. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башчысы Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Депутат Айсулуу Мамашова Башкы прокурорго милиция кызматкери үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган жарандын арызын кабыл албай жатканын айтып, Зулушевден прокуратура бөлүмү анын үйүнөн алыс жайгашкандыктан, милиция кызматкеринин үстүнөн интернет аркылуу арызданса болобу деп сурады.


Башкы прокурор ведомствонун сайтындагы бардык кайрылуулар текшерилип жатканын айтып, арыздарын жарандарды ошол жерге калтырууга чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн