Бугу 18, 2024
Убакыт: 07:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстандыктар Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышуу үчүн Индияга жөнөп кетишти

29.07.2022 14:18
686
Кыргызстандыктар Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышуу үчүн Индияга жөнөп кетишти


Кыргызстандын шахмат боюнча курама командасы ФИДЕ дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышуу үчүн Индияга жөнөп кетти. Бул тууралуу КР элчилигинен билдиришти.


«Биз спортчуларыбыздын ар кандай эл аралык мелдештердеги жаркын жеңиштери менен негиздүү түрдө сыймыктанабыз жана аларды чет өлкөдөгү ири спорттук иш-чараларга катышууга ар дайым колдоо көрсөтүүгө аракет кылабыз. Биз биргелешкен күч-аракет менен кичи мекени Индия болгон бул байыркы спорт өнөрүн мындан ары да өнүктүрүп, өлкөбүздө шахматтын популярдуулугун арттырууга жигердүү салым кошобуз деп ишенем», - деди дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы Асеин Исаев.


Кыргыз Республикасынын курама командасына ар кандай жаш категориядагы 10 катышуучудан турган эркектер жана аялдар командалары кирет.


Шахмат олимпиадасы эки жылда бир өткөрүлүүчү Олимпиадалык оюндардан кийинки эң ири спорттук иш-чара болуп саналат. Быйыл ага дүйнөнүн 188 өлкөсүнөн 2 миңден ашык шахматчы катышууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн